29.04.2023 айылда ишембилик өткөрүлдү

Бугун 2023-жылдын 29-апрелинде Президенттин №305 сандуу жарлыгынын алкагында Талас райондук мамлекеттик администрациясынын буйругун аткарууга алып, апрель айында айылыбызда 3 ирет ишембилик өткөрүлдү. Бул иш чаралардын алкагында айылыбыздын негизги трассасы болгон К.Сейдакматов көчөсү, таштанды таштоочу жайыбыз, токойдун жээктери жана айылыбыздагы мекеме уюмдардын тегерек чектери тазаланып болжол менен 15 тоннага жакын таштанды чыгарылды. К.Сейдакматов көчөсүндөгү электр карагайлары толугу менен акталып ирээтке келтирилди. Таштанды таштоочу жайды жана айылдын ичин көзөмөлгө алуу максатында 4 жерге онлайн видеокамералар орнотулду, жана айылды көрктөндүрүп, жашылдандыруу үчүн “Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн алкагында айылыбызга жалпы 170 түп ийне жалбырактуу карагайлар отургузулду. Арал айыл аймагында өткөрүлгөн ишембиликтерге Арал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Арал айылдык кеңешинин депутаттары, Касымкул Нанаев, Медетбек Сейталиев орто мектептеринин жамааты, ҮДТ №8 дин жамааты, Үмөт Молдо бала бакчасынын эмгек жамааты. Арал айылынын имамдары жана андан тышкары Арал айылынан активдүү жаштары, Арал айыл өкмөтү жана волонтёр окуучулары катышып ишембиликтер өткөрүлдү!!!

Оставьте комментарий

Прокрутить вверх