Май майрамыныздар менен

9-май Улуу Жеңиштин 78- жылдыгынын алкагында айылда бир катар спорттук оюндар (футбол, шахмат, волейбол, кичи футбол) өткөрүлдү, ага утурлай эле айылыбыздагы жалгыз калган “Венгер” согушунун ветераны Молдосанов Асыранкул аксакалыбызга өзгөчө көңүл бурулуп, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, өкүлдүн орун басары Жанузакова Кыял, Талас райондук администрациясынын башчысы Нармырзаев Нургазы жана Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Көчөрбаев Айбек үйүнө барышып майрамы менен куттукташып, облус, район жана айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

10-май күнү М.Сейталиев орто мектебинде айылыбыздан чыккан чыгаан инсан, согуштун ардагери Рыспеков Мырсакан атабыздын 100 жылдык эскерүү кечеси салтанаттуу белгиленди. Эскерүү кечесине районубуздун акими Нармырзаев Нургазы Жакыпович катышып, өз сөзүндө Мырсакан атабыздын басып өткөн жолуна, Кыргыз элине кылган кызматтарына токтолуп өттү. Эскерүү кечеси алгач көчөт отургузуу менен башталып, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын даңазалоо менен Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата “Эч ким эч нерсе унутулбайт” деген теманын алкагында иш чара  мектеп директору тарабынан бекитилип, жогорку деңгээлде уюштурулду окуучулар арасында сүрөттөр жана дубал гезиттер чыгарылды 1-11 класстар арасында “Эч ким эч нерсе унутулбайт” деген темада ачык тарбиялык сааттар өтүлдү. Эскерүү кечеси  мектеп окуучулары тарабынан уюштурулган  сахналаштырылган сценка жана ыр, бий менен коштолду.

Нанаев Касымкул атындагы Арал орто мектебинде 9-май Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата   салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өтүлдү.

Андан тышкары Арал айылдык Кеңешинин колдоосу менен Арал айыл өкмөтү тарабынан тылда эмгектенгендерге жана Улуу Жеңиштин ардагерлеринин жубайларына жана айылыбыздын улгайган аксакалдарына акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

1 комментарий к “Май майрамыныздар менен”

Оставьте комментарий

Прокрутить вверх