Бала бакчага

Арал айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында долбоор жазылып,  Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Хелветас Свисс Интеркоорперейшн  Ассоциациясынан 200 000 миң сом акча каражаты жана өздүк  салым катары Арал айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинен 240 000 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилип,  жалпы суммасы 440 000 миң сомдук,  кубаттуулугу 30 К/вт  дизелдик электрогенератор  айылдагы Үмөт Молдо  атындагы бала бакчага алынып берилди. Швейцария Өкмөтү тарабынан  каржыланган  Хельветас Свисс  Интеркоорпорейшн Ассоциациясына терең ыраазычылык билдирүү менен катар мындан кийин да иш алып барууга даяр экенибизди билдиребиз. АРАЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ.

Оставьте комментарий

Прокрутить вверх