Көптөн күткөн ак мектеп!!!

 2023-жылдын 3-ноябрында Арал айылындагы Касымкул Нанаев атындагы Арал орто мектебинин жаңы имаратынын  курулушу аяктап, бүгүн расмий ачылыш аземи болуп өттү.  Бул мектептин ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Шакиев Нурлан Тургунбекович жана Таластан чыккан эл өкүлдөрү, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбекович жана Талас райондук Мамлекеттик администрациясынын башчысы Нармырзаев Нургазы Жакыпович катышышып куттуктоо сөздөрүн айтып өтүштү. Өз кезегинде Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Көчөрбаев Айбек Тынчтыкбекович  Мектептин салынышына кошкон зор салымдары үчүн бир катар айыл тургундарына жана Жогорку Кеңештин депутаты Чойбеков Бактыбек Каныбековичке айыл элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, Ыраазычылык каттарды тапшырып өттү!!! Аны менен катар 1 кылымдык мектептин тарыхына кайрылып ушул мектептен тарбияланып билим алып өскөн инсандарыбыз куттуктоолорду айтышып өздөрүнүн  чакан белектерин тапшырышты. Айыл элинин кубанычында чек жок! Буйруса жаны заманбап  мектептен Кыргыз элинин керегине жараган мыкты уул кыздар чыгат деп терең ишенебиз!!!

Арал айыл өкмөтү!!!

Оставьте комментарий

Прокрутить вверх