Мамлекеттик камсыздандыруу

2023-жылдын 28-ноябрында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Талас филиалынын кызматкерлери тарабынан Талас районунун Арал айыл окмот башчысы Көчөрбаев Айбек жана жооптуу кызматкерлер менен жолугушуп, камсыздандыруу иштери тууралуу пикир алышты.
К. Нанаев атындагы орто мектебинин жалпы мугулимдер жамааты менен жолугушуп, турак жайды камсыздандыруу боюнча кызыктырган суроолоруна жоопторун алышты.
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун Талас филиалынын директору Чолпон Турсункулова камсыздандыруунун турлору боюнча маалымат берди.
“Турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жылына бир гана жолу болот.
2023-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине киргизилген өзгөрүүлөрдүн негизинде сатуудан алынуучу салык 3% түзөт. Шаар жеринде турак-жайды камсыздандыруу жылына 1236 сомду түзсө, айыл жеринде жылына 618 сомду түзөт. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, кырсык болгон учурда жабыркаган шаардыктарга бир миллион сомго чейин, ал эми айыл жериндегилерге беш жүз миң сомго чейин берилет”
Арал айыл өкмөтү.

Оставьте комментарий

Прокрутить вверх