Ишембилик

Бугун 2023-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 жарлыгынын негизинде Арал айыл аймагында кезектеги ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Касымкул Нанаев, Медетбек Сейталиев орто мектебинин мугалимдер  Үмөт Молдо бала бакчасынын тарбиячылары, №8 ҮДТ кызматкерлери чыгып өздөрүнүн административдик территорияларын иретке келтиришти Арал айыл өкмөтүнүн кызматкерлери токойлордун жээгине төгүлгөн таштандыларды тазалап таштандыларды Арал айыл өкмөтүнүн техникаларына жүктөп тазалоо иштерин жүргүздү. Токойго жакын жашаган тургундар да артта калбай айыл өкмөт башчысынын демилгеси менен жардам беришти.

Оставьте комментарий

Прокрутить вверх