Өтмө кызыл туусун жеңип алдык!

Урматтуу Таластыктар, Кымбаттуу Арал айылынын тургундары мына ошентип, жаны жылда босого алдында турат. Баарыңыздарды кирип келген жаңы жылыңыздар менен Арал айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин атынан жана жеке өзүмдүн атыман чын дилимден куттуктайм!!! Ар бир өткөн жылдын өзүнүн жеке тарыхы, эсте калчу урунттуу учурлары болот, 2023-жылда Арал айылы үчүн абдан ийгиликтүү жылдардан болду десем жаңылышпасам керек. Анткени 2023-жылдын жыйынтыгы менен биздин Арал айылыбыз райондогу эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп, Талас райондук Мамлекеттик администрациясынын өтмө кызыл туусун жеңип алдык! Буйруса жаны жылда жаны күч, жаны дем менен Арал айылыбызды дагы да өнүктүргөнгө колдон келген аракетибизди жасайбыз.

Ушул жылы ишке ашпай калган ой максаттарыбыз келээрки жылы сөзсүз ишке ашсын!

Кыргызстаныбыз гүлдөп өсүп, өнүгүп бардыгыбыздын тилектерибиз орундалсын!

Баарыңыздарды дагы бир жолу 2024-Балык жылы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!!!     Урматым менен Талас районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Көчөрбаев Айбек

Оставьте комментарий

Прокрутить вверх