Апрель 2023

29.04.2023 айылда ишембилик өткөрүлдү

Бугун 2023-жылдын 29-апрелинде Президенттин №305 сандуу жарлыгынын алкагында Талас райондук мамлекеттик администрациясынын буйругун аткарууга алып, апрель айында айылыбызда 3 ирет ишембилик өткөрүлдү. Бул иш чаралардын алкагында айылыбыздын негизги трассасы болгон К.Сейдакматов көчөсү, таштанды таштоочу жайыбыз, токойдун жээктери жана айылыбыздагы мекеме уюмдардын тегерек чектери тазаланып болжол менен 15 тоннага жакын таштанды чыгарылды. К.Сейдакматов көчөсүндөгү электр карагайлары […]

29.04.2023 айылда ишембилик өткөрүлдү Читать дальше »

Ишембилик

Бугун 2023-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 жарлыгынын негизинде Арал айыл аймагында кезектеги ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Касымкул Нанаев, Медетбек Сейталиев орто мектебинин мугалимдер  Үмөт Молдо бала бакчасынын тарбиячылары, №8 ҮДТ кызматкерлери чыгып өздөрүнүн административдик территорияларын иретке келтиришти Арал айыл өкмөтүнүн кызматкерлери токойлордун жээгине төгүлгөн таштандыларды тазалап таштандыларды Арал айыл өкмөтүнүн техникаларына жүктөп тазалоо иштерин жүргүздү.

Ишембилик Читать дальше »

Элден айланса боло

2022-жылдын сентябрь айында Баткен облусундагы акыркы кырдаалдарга байланыштуу Арал айыл окмотунун кенсесинде Баткен элине жардамдарды чогултуу пункту ачылып, элибиз кайдыгер карабастан ынтымакта биримдикте Гуманитардык жардам чогултушту!!! Жалпы элибизге, жана уюштуруу тобуна ыраазычылык билдиребиз!!! АСМАНЫБЫЗ АЧЫК БОЛСУН!!! СОГУШ БОЛБОСУН!!!  

Элден айланса боло Читать дальше »

Ишембилик өткөрүлдү

2023- жылдын 1-апрелинде Арал айыл аймагында кезектеги  ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Арал айыл  өкмөтүнүн жалпы кызматкерлери, Арал айылдык кенештин депутаттары, К.Нанаев, М.Сейталиев Орто мектептеринин мугалимдер жамааты Үмөт Молдо бала бакчасынын жамааты, УДТ №8 жамааты жана имамдар катышты. Алар Айылыбыздагы таштанды полигонго барчу жолдогу таштандыларды жана полигондун тегерегин тазалап өрттөп иретке келтиришти.

Ишембилик өткөрүлдү Читать дальше »

Прокрутить вверх