Жаңы күрөш залынын ачылышы

Бүгүн 2023-жылдын 26-ноябрында Талас районунун Арал айылында Жусупбеков Майрамбек атындагы жаңы күрөш залынын ачылыш аземи болуп өттү!!! Ачылыш аземинде Талас райондук Мамлекеттик администрациясынын башчысы Нармырзаев Нургазы Жакыпович куттуктоо сөзүн айтып өттү! 

Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков азия чемпиондору Атабек Азизбеков, Үзүр Джузупбеков, Раззак Бейшекеев, Акылбек Талантбековдор конок катары чакырылып, жаш спортсмендерге каалоо тилектерин айтышып, ийгиликтин сырлары менен бөлүшүп өтүштү!!! Айыл элинин кубанычында чек жок себеби буга жери мындай заманбап күрөш залы болбогондуктан айылдагы өспүрүмдөр кошуна айылга барып машыгуу өткөрүп келишкен!!!

Жаны күрөш залы жалпы 9 200 000 сомго салынып анын 5 200 000 сому Талас районунун өнүктүрүү фондусу тарабынан долбоордун негизинде бөлүнсө, калган 4 000 000 сому Арал айыл  өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары бөлүнгөн. Арал айылынын кулуну жеке ишкер Адылбек Жусупбеков агабызга залдын салына турган участогун Арал айыл өкмөтүнө белекке бергени үчүн жана бир нече кемкарчтарына  демөөрчүлүк кылганы үчүн Арал айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каты тапшырылды!!! Буйруса Арал айылында салынган жаңы күрөш залынан дүйнөнү дүңгүрөткөн чемпиондор чыгат деп ишенебиз. Арал айыл өкмөтү

Оставьте комментарий

Прокрутить вверх