КАРЫЛАРГА СЫЙ УРМАТ

19.10.23 Талас шаарындагы Ала-Тоо ресторанында Арал айылынын 70 жаштан ашкан карыяларыбыз үчүн Карылар күнүнө карата салтанаттуу кече уюштурулду. Кечеге жалпы Арал айылынын 150дөн ашуун ардагерлери катышып, сый көрүп кайтышты. Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Көчөрбаев Айбек жана Арал айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан айылды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн бир катар ардагерлер “Ардак Грамота” менен сыйланышса,  4 карыябызга “Арал айылынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Өз кезегинде Карыларыбызды Талас райондук Мамлекеттик администрациясынын башчысы Нармырзаев Нургазы Жакыпович куттуктап, эмгектин алдынкыларына ыраазычылык билдирип өттү.

Салтанаттуу кечени уюштурууга чоң салым кошкон, ишкер Адылбек Жусупбеков агабызга жана  мектептердин, бала бакчанын,  №8 ҮДТ  кызматкерлерине Арал айыл элинин атынан терең ыраазычылык билдиребиз!!!

Арал айыл өкмөтү!!!

Оставьте комментарий

Прокрутить вверх